• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чыгым 57 млн сом. "Инфоком" ишканасынын бөлүм башчысы кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КР Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай жасалма түрдө алынды кылган СӨМдүн алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 млн сомго жакынды түзгөн.

Алынган далилдердин негизинде Т.Э.Б. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий