• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы зилзала. ӨКМдин 140 куткаруучусу издөө-куткаруу иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын 140тан ашык куткаруучусу Түркиядагы зилзаланын кесепетинен эң көп жабыркаган жана жер титирөөнүн очогу катары бааланган Кахаранмараш шаарынын 3 районунун бир катар тилкелеринде издөө-куткаруу иштерин улантууда.

ӨКМден билдиришкендей, учурда жалпы 140тан ашуун куткаруучу, 3 кызматтык ит, фельдшерлер жеринде иш алып барууда.

Белгиленгендей, куткаруучулар аймактардагы эң кооптуу тилкелерде издөө-куткаруу ишин 24 саат бою кезектешип аткарууда. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Учурда табият кырсыгынан каза болгондордун саны 35 миң 418ге жетип, жабырлануучулардын саны 100 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий