• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу кар көчкүдөн тазаланды

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун ички жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 85-86-чакырымында таңкы саат 7:46да кар көчкү түшкөн.

Жерине №27-жол тейлөө иш канасынан 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кар көчкүнүн көлөмү учурда такталууда.

Тынымсыз тазалоонун натыйжасында жол эки тараптуу ачылды.

"Ушул жылдын 15-февралынан 19-фералына чейин Жаңы-Базар – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Акташ унаа жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгонуна байланыштуу зарылчылык болбосо узак жолго чыкпай турууну эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий