• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Интерпол жараксыз паспортторду колдонуунун кесепеттерин эскертет

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кыргызстандагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жараксыз (жоголгон, уурдалган) эл аралык паспорттору жана ID-карталары тууралуу маалымат келип түшкөнүн маалымдайт.

Эл аралык кылмыш полициясы уюму – Интерполдун бардык мүчө өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн төмөндөгүлөргө бурат: Эгерде сиз мурда паспортуңуздун же ID-картаңыздын жоголгондугун билдирип, бирок кайра таап алган болсоңуз, жоголгон документтерди эч кандай шартта сапарларга чыгуу үчүн колдонбоңуз.
Мындай документтерди колдонуу менен чет мамлекеттин аймагына кирүүгө аракет жасалган учурда чек ара кызматы тарабынан кармалышы мүмкүн жана жүргүнчү чек арадан өтө албай, жагдай толук териштирилип такталганга чейин кармалат.

Мындай жагдайга кабылбаш үчүн паспортуңуздун абалын онлайн режими аркылуу текшере аласыз. Бул үчүн www.portal.srs.kg документти онлайн текшерүү сайтына өтүп, паспорттун номерин көрсөтүү, PIN кодду (паспортуңуздагы 14 орундуу сан) киргизүү жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий