• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков АКШда биринчи орунду жеңген жаш хоккеисттер менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.17./Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда, КРнын Өкмөт үйүндө Премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн Barrington Ice Arena Эл аралык турниринде "Алга Бишкек" шайбасы менен биринчи орунду жеңип алышкан Бишкек шаарынын жаш курама командасы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жаш спортчуларды турнирдеги ийгиликтери менен куттуктап, алар атамекендик спорттун жаңы тарыхый барагын ачып жатат деп белгиледи.

"Силер биздин сыймыгыбызсыңар жана мен үчүн силер менен жолугуу абдан чоң кубаныч. Жаш курагыңарга карабай, силер эмгегиңер жана тырышчаактыгыңар менен ийгиликке жетип, өзүнөрдүн теңтуштарыңар жана чоңдор үчүн да үлгү боло алдыңар. Кыргызстанда хоккейдин өнүгүшүнө анчалык көп эмес салым кошуп жатканыбызды эске алсак, силердин умтулууңар жана биринчи орунду алам деген тилегиңер менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныта алдыңар. Бул силердин чоң спортко карай алгачкы кадамыңар жана алдыда силерди дагы жаңы жетишкендиктер күтүп турат деп ишенебиз жана күтөбүз.

Премьер-министр жаш спортчулардын ата-энелерине кайрылып, бул маанилүү жеңишке түздөн-түз тиешеси бар балдарды тарбиялап өстүргөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Сапар Исаков жаш хоккеисттерге өзүнө болгон ишенимди, спорттук шыкты каалады жана эч качан ушул жетишкендиктер менен токтолуп калбоого чакырды.

Жолугушуунун соңунда Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек шаарынын өспүрүмдөр курама командасына спортту өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы жана АКШдагы шайбалуу хоккей боюнча эл аралык турнирде жетишкен ийгилиги үчүн Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучулары Ринат Мустафаевге, Саламат Тыналиевге жана команда мүчөлөрү болгон эки хоккеистке – Асан Абдыгулов жана Нуртемир Сулаймановго ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, бардык жаш спортчуларга Сапар Исаков эстелик белектерди жана сувенирлерди тапшырды.

Жолугушууга Бишкек мэри Албек Ибраимов, Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана жаш спортчулардын ата-энелери катышты.

Маалымдама: Шайбалуу хоккей боюнча Barrington Ice Arena кубогу үчүн жаш хоккеисттер арасындагы эл аралык таймаш 2017-жылдын 1-5-декабрында Чикаго шаарында (АКШ) өткөн. Турнирге беш команда, анын ичинде Кыргызстан, АКШ жана Канаданын хоккей командалары катышкан. Өспүрүмдөр курамасынын жаш хоккейчилери Бишкек шаардык мэриясынын олимпиадалык резервдеги спорттук оюндардын адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий