• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков дарыялардын нугундагы кендерди колдонууга тыюу салуу боюнча тапшырма берди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 28-декабрда, мамлекеттик органдарга дарыялардын нугундагы же жээктериндеги, ошондой эле башка көлмөлөрдүн участкаларындагы кендерге лицензияларды берүүгө тыюу салуу жана мурда берилген лицензияларды кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү туурасында тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков дарыя нугундагы кырдуу шагылды казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсузудугуна коркунуч жаратып жатса, иштер улантылбашы керек деп белгиледи.

Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте кен иштетүүчүлөр иштеткен дарыя жээктериндеги жана суу жайылмаларындагы коркунучтуу участкаларды аныктап, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине сунуштарын бериши керек.

Мындай чечим айлана чөйрөгө, калктын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле, дарыянын нугундагы, жээктериндеги жана башка көлмөлөрдөгү кендерди иштетүүдөн келип чыккан адамдык курмандыктарды болтурбоо үчүн кабыл алынды.

Премьер-министр Сапар Исаков өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин өз учурунда жүргүзүүнүн, анын ичинде Чу дарыясынын нугу боюнча жээктерди бекемдөө иштеринин маанилүүлүгүн буга чейин эле белгилеп кеткен. Тийиштүү мамлекеттик органдарга Чу дарыясынын жээгинде кум жана таш казуу менен алектенген компанияларга уруксаат берүүчү документтерге көзөмөлдү күчөтүү, зарыл учурда лицензиясын алып салууга чейин чара көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий