• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков: Эне жана баланы коргоо мамлекеттик саясаттын өтө маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушу Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн негиз болот. Бул тууралуу жаңы перинаталдык борбордун курулушуна капсыла салуу аземинде өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Ал бул иш-чара эки өлкөнүн жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуу бекемдөө үчүн өтө зор мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

“Бүгүн биздин өлкөнүн турмушунда абдан маанилүү күндөрдүн бири болуп саналат. Эне жана баланын ден соолугу, балдар менен энелердин өмүрүн сактап калуу үчүн биздин өкмөт жана мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка абдан маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат”,-деди Исаков.

КР Өкмөтү болсо 950 миң евро бөлүп берип, долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык зарыл болгон иш чараларды жүзөгө ашырууга милдеттендирилет.

Перинаталдык борбордо 10 төрөт залы, үч операциялык зал, 12 керебетке ылайыкташтырылган реанимациялык орун, 20 керебетке ылайык балдар реанимациялык орун болот.

Пикир

Оставить комментарий