• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда жаңы финансылык стратегия иштелип чыгууда

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Жаңы финансылык стратегия “Кыргызстан – региондук бизнес – оазис” пилоттук аталышындагы амбициялуу улуттук программанын негизин түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде (WGS) "Туруктуу өнүгүү максаттары аракетте" панелдик сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы, биздин регион бир бүтүн аймак катары глобалдуу тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шарттарында улам экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгууда деп билдирди.

“Акыркы убакта биз көрүп жаткан ачык тенденциялардын бири – дүйнөлүк экономикалардын глобалдашуусу.

Бардык экономикалар ички потенциалды жогорулатууга жана импорттун ордун алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бул табигый нерсе, айрыкча пандемия мезгилиндеги локдаундардан улам глобалдык логистикалык чынжырлар бир эле учурда бүт аймактарда иштебей калганын көрдүк. Азыр өлкөлөр же бүтүндөй регионалдык байланыштар тездик темп менен аутенттүүлүккө умтулуп жатышат.

Дагы бир тенденция – билим берүү жана билим берүү моделдерин модернизациялоого мамлекеттик жана жеке инвестициялардын өсүшү, анткени ал билимдер экономикасы үчүн негиздердин бири катары саналат. Арийне, бул логикага жатат, анткени кийинки постиндустриалдык фаза латын тилинен которгондо cognio –когнитивдик деп аталат, бул билимди, таанып-билүүнү, жаңы билимге ээ болуу жөндөмүн билдирет”, - деп айтты ал.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров либералдык инвестициялык режим жана минималдуу административдик тоскоолдуктары бар тышкы соода саясаты, ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү – инвесторлордун мүлкүн коргоонун жакшы иштелип чыккан механизмдери экенин белгиледи.

“Мындан тышкары, өлкөнүн жаңы финансылык стратегиясы учурда активдүү өнүгүү баскычында турат, ал рационалдуулук жана максатка ылайыктуулук принциптерине, ошондой эле башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга негизделген.

Жаңы стратегия – “Кыргызстан – аймактык бизнес – оазис” деген пилоттук аталыштагы амбициялуу улуттук программанын өзөгүн түзөт”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, программаны ишке ашыруунун алкагында инвестицияларды коргоого, капиталдын эркин жылышына, чарбакер талаш-тартыштарды күч менен чечүүгө тыюу салууга, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин демилгелөө пландаштырылууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Инвестициялык Кодекси иштелип жатат, анда инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча бардык жоболор айкалыштыралат.

“Улуттук долбоорлордогу масштабдуу инвестициялар “стратегиялык инвестор” режиминде өздөштүрүлөт жана коргоонун кошумча чаралары менен камсыздалат”, - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий