• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Солтон-Сарыдагы кырдаалга байланыштуу Разаков Кытайдын элчиси менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Солтон-Сары кенине жакын жерде Кытай жарандарынын жана жергиликтүү калктын ортосунда болуп өткөн окуяны тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баса көрсөткөндөй, Өкмөт инвесторлордун да, ошондой эле жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептейт.

Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтөө жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жеринде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Солтон-Сары кенинде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү жүрүшөт.

Жеринде калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий