• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Астанада Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-августта, Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышты, - деп билдирет өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев катышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине белгилүү кыргыз жазуучусунун атынын ыйгарылышы казак эли жана Нурсултан Назарбаев башында турган Казакстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан Чыңгыз Айтматовдун элесине терең сый урмат көрсөтүүсү катары саналат.

«Биз Чыңгыз Айтматовдун калтырып кеткен зор маданий мурасы менен сыймыктанабыз. Анын чыгармалары дүйнөнүн 180 тилине которулуп, жер шарынын булуң-бурчунда өз окурмандарын тапкан. Үстүбүздөгү жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин түрк тилдүү мамлекеттерде, КМШ жана Европа өлкөлөрүндө масштабдуу түрдө белгилөө пландаштырылууда. Буга байланыштуу биз Нурсултан Назарбаев эки элдин ортосунда бир нече кылымдар бою калыптанып келе жаткан достукту сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп келе жаткандыгына ыраазычылык билдиребиз», – деди ал.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Казакстан Республикасынын жетекчилигин жана Борбор Азиядагы алдыңкы жана кооз шаарлардын бири эсептелген Астананын тургундарын калаанын негизделгендигине 20 жыл толушу менен куттуктады.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылышы эки боордош өлкөнүн ортосундагы маданий жана руханий байланыштарды бекемдөөгө дагы зор салымын кошот.

«Бул мыйзам ченемдүү, себеби Чыңгыз Айтматов казак жана кыргыз элдеринин ортосунда достук байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын чыгармалары кыргыз эли сыяктуу эле казак калкына да жакын. Ал – эки элдин сыймыктанган жазуучусу», – деди Бакытжан Сагинтаев.

Андан соң эки өлкөнүн Өкмөт башчылары Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн декоративдик тактасын ачышты.

Маалымдама: Чыңгыз Айтматов атындагы көчө жалпы маанидеги магистралдык көчө, 8 кыймыл тилкеси бар. Ал Астананын тарыхый бөлүгүн жаңы конуштар аймагы менен бириктирип турат. Көчөнүн жалпы узундугу 2020-жылга карата 7,2 чакырымды түзмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий