• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен районунда 315 үйдүн курулушу аяктады. Акылбек Жапаров алардын сапаты менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районуна караштуу Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Текшерүү учурунда МинКаб Төрагасы “өлкө Президентинин тапшырмасы менен Баткен облусунда курулуп бүткөн үйлөрдүн сапатын текшерүү үчүн келгенин” белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында Баткен районунда жалпысынан 316 үй (417 ичинен) талкаланып, учурда 315 үйдүн курулушу аяктады.

Мындан тышкары, аталган аймактардын инфраструктурасы жакшыртылды, ички жолдорго асфальт төшөлүп, ар бир үйгө коммуникациялар тартылууда.

МинКаб Төрагасы өлкө Президентинин Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча убадасы аткарылып жатканын, мындан тышкары алдыдагы окуу жылына карата 275 жана 100 орундуу жалпы орто билим берүү мектептеринин курулушу бүтөөрүн белгиледи.

Андан ары МинКаб Төрагасы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккандан кийин, суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда чек арага жакын жайгашкан айылдарга мындан аркы мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери көтөрүлдү, анын ичинде тургундар 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында жапа чеккен ишкерлерди колдоо маселелерине кызыгышты.

Белгилей кетсек, жолугушууга катышкан Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кайгылуу окуялардын натыйжасында Баткен облусуна келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 3,6 млрд сомду түзгөнүн жыйынга катышкандарга маалымдады, аны менен катар мамлекет тарабынан ишкерлерге 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам бөлүнгөн, мындан тышкары мамлекеттик банктар ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө.

Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоо боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышып, анда курулуш иштеринде бардык нормаларды жана тиешелүү стандарттарды сактоо менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий