• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада элчиликтин кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Москвада Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүүдө. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тест элчиликтин колдоосу менен Эне тилинин эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жатат.

Белгиленгендей, 12-февралдан тарта элчиликтин кызматкерлери жогоруда аталган иш-чаранын алкагында кыргыз тилин билүү денгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүүнү башташты.

Иш-чара Москва шаарында 15-февралга чейин улантылат жана ага Москва шаарында жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер, ошондой эле Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (МГЛУ) студенттеринин да катышуусу пландалган.

Мындан сырткары, мекендештерди флешмоб түрүндөгү чакан тесттен өткөрүү иш-чарасы 16-17-февралда элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясында да ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий