• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түркияга жардам. Кыргызстандан барган өздүк курамды Газиантеп губернаторунун орун басары тосуп алды

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 13-февралда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен барган өздүк курамды Түркия мамлекетинин Газиантеп шаарынын губернаторунун орун басары Мухаммед Ондар тосуп алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Түркиядагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу Мухаммед Ондарга көңүл айтты.

"Шаар башчысынын орун басары эки күн ичинде жиберилген гуманитардык жардамга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал кыргыз куткаруучуларынын издөө иштери учурунда адам өмүрүн сактоо учурлары көп кездешип жатканын баса белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуудан соң Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарындагы кырсык болгон тилке менен таанышты.

Эске салсак, 13-февралда министр Бообек Ажикеевдин жетекчилиги астында дарыгерлер, куткаруучулар, боз үй тигүүчүлөр жана гуманитардык жардам катары 49 боз үй, дары-дармектер Түркияга жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий