• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков: "Кыргызстан ресурстарын мобилизациялап, бардык күч-аракетин жогорку технологиялык коомчулукту түзүүгө багыттады"

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. КРнын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-февралда, Казахстан Республикасынын Алматы шаарындагы «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» Эл аралык форумуна катышууда,-деп билдирет өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү.

Өкмөт башчы бүгүнкү тема Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешти өткөрүү алдында абдан актуалдуу деп белгиледи. Анын пунктарынын бири болуп Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу маселеси эсептелинет.

«Кыргызстан ресурстарын мобилизациялап жана бардык аракеттерин жогорку технологиялык коомчулук түзүүгө бурду. Санариптештирүү бизге өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө чоң секирик жасоого мүмкүнчүлүк түзөт, ал гана учурдагы этапта мамлекеттик кызматтардын таасирдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чукул жыйынтыктарын бере алат, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, биздин жарандар үчүн кызматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды түзөт, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууда мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Бул максаттарга жетиш үчүн Кыргыз Республикасы «Таза Коом» санариптик транформация улуттук программасын ишке киргизди, которо келгенде «таза жана ачык коом» дегенди түшүндурөт», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр өзүнүн ачыктыкка, тазалыкка ыктагандыгын жана жарандар алдындагы отчеттулуукту, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнү ырастоо иретинде, өлкөнүн Өкмөтү аймакта биринчилерден болуп «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесине Open Government Partnership (OGP) кошулду, ал өзүнө дүйнөнүн 75 өкмөтүн бириктирет. Мониторгдөө эл аралык эксперттер тарабынан ишке ашырылат: жеткиликтүү жана сапаттуу мамлекеттик кызматтар, таза мамлекеттик сатып алуулар, ачык маалыматтар жана тоо-кен иштетүү секторунун тазалыгы.

Сапар Исаков «Таза Коом» сыяктуу масштабдык долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстандын алдыга койгон негизги милдеттерин белгилеп кетти. Ал Кыргызстандын санариптешүүсүнө бир жыл толо электигин, бирок чоң секирик жасалгандыгын белгиледи.

«Санариптик трансформациялоодо биз регулятивдик чөйрөнү реформалоодон жана мамлекеттик органдардын ишинин сапатын жогорулатуудан баштадык. Биз биометрикалык маалыматтарды киргизгендигибизге байланыштуу секирик жасадык. Кыргызстандын 80% жакын жарандары биометрикасын тапшырышты. Тийиштүү түрдө, бардык мамлекеттик тейлөө ага байландырылып, мамлекеттик тейлөө порталында ар бир адамдын өзүнүн жеке кабинети болот. Ошондой эле маалыматтарды коргоо боюнча маанилүү мыйзамдар иштелип чыгып, кабыл алынган. Дагы бир нече ондогон мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар иштелүүдө. Алсак, буга салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү боюнча мыйзам долбоору мисал боло алат, ал мамлекеттик бюджеттин кирешесин кескин жогорулатууга жана көмүскө экономиканын үлүшүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Жакында биз «Түндүк» ведомство аралык өз ара аракеттенүүнүн платформасын ишке киргиздик, ага жараша көптөгөн сандагы кагаз негизиндеги маалымдамаларга карата муктаждык жоюлат. Натыйжада, бизнес жана жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнүн сапаты жана ылдамдыгы жогорулатылат. Ошондой эле учурда мамлекеттик тейлөөнүн электрондук порталы ийгиликтүү ишке киргизилип, иштеп жатат, мында келечекте санариптик форматтагы 200 жакын тейлөө көрсөтүлөт. Мында маалыматтык жана кибер-коопсуздукту камсыздоо маанилүү бөлүк катары саналат. Бул багытта биз биргелешкен активдүү күч-аракеттерди жумшообуз керек», - деп белгиледи Премьер-министр.

Андан тышкары, Сапар Исаков, Кыргызстан мамлекеттик сатып алуу системасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтө турган жаңы технологияларды колдонууну пландап жатканын билдирди.

Өкмөт башчы өзүнүн сөзүндө, жакынкы арада өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту сактоо, кылмышты деңгээлин төмөндөтүү жана кылмыштын бетин ачууну жакшыртуу үчүн шаардын инфраструктурасында заманбап санатриптик технологияларды колдонуу менен “Акылдуу шаарларды” куруу башталаарын билдирди. Тактап айтканда, “Акылдуу шаар” долбоору 1,5 жылдын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында жана ири чоң унаа жолдордо ишке ашырылат.

Сапар Исаков санариптик коомдун эң негизги аспекттеринин бири тиешелүү билимдин жана көнүмдөрдүн болушу зарыл экендигин баса белгилеп кетти.

“Заманбап технологияларды биздин күнүмдүк жумушка, бизнес-процесстерге канча бат жуурулуштурсак, биздин өлкөлөрдүн өсүш ылдамдыгы андан ошончолук көз каранды болот. Келээрки жылы биз Ачык Өкмөт болгубуз келет жана биз анын үстүндө күчөтүлгөн иш алып баруудабыз”, - деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Эскерте кетсек, Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 2-февралда, Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына жана «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» форумуна катышуу үчүн келген.

Форумдун ишине Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Ажербайжандын, Тажикстандын расмий делегациялары, ири IT компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий