• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 2-ноябрда, Ташкент шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле чек ара жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатындагы келечектүү багыттардан болуп саналаарын белгиледи.

«Биз кызматташуунун кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө активдешкенин көрүп жатабыз. Кыргызстан жана Өзбекстандын Президенттеринин жогорку деңгээлдеги эки жактуу сапары 25 жыл бою чечилбей келген маселелерди ишке ашырууга тарыхый өбөлгө түздү. Буга эки Өлкө Башчыларынын жетекчилиги астындагы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн күч-аракеттери өбөлгө түздү», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бишкек шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул Өзбекстан жана Кыргызстандын Президенттери тарабынан коюлган биргелешкен күн тартиптеги маселелерди ишке ашыруу үчүн жакшы саамалык.

Ошондой эле Өзбекстандын Премьер-министри өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө байкалган оңдуу көрүнүштү баса белгиледи.

Абдулла Арипов белгилегендей, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин мүмкүнчүлүктөрү толук түрдө ишке ашырылбай жатат. Ал 2017-жылдын январь айынан сентябрь айына дейре биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 193 млн. АКШ долларын түзгөндүгүн маалымдады жана аталган көрсөткүчтү жылына 500. млн АКШ долларына дейре жеткирүү зарылдыгын белгиледи.

«Өзбек тарап бул маселеге колдон келген көмөктү көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр», – деп белгиледи Абдулла Арипов.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, мамлекеттер аралык соода жүгүртүүнү эки эсеге жогорулатуу эки тараптуу мамилелердин реалдуу көрсөткүчү болуп саналбастан, келечекте аны өнүктүрүүнүн башталышы гана болуп эсептелет. Ал кыргыз тарап аталган көлөмдү жогорулатууга даяр экендигине ишендирип кетти.

Андан соң тараптар транспорттук коридорлорду, анын ичинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун, ошондой эле эки өлкө ишкерлери ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады.

Жыйынтыгында тараптар гуманитардык кызматташтык жана эки мамлекетте Маданият күндөрүн өткөрүү маселесин карады.

Буга катар мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун иши талкууланды.

Өзбек тарап жакынкы арада эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын колдоосу астында Өзбекстанда чектеш облус жетекчилеринин алгачкы жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий