• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишенапысова AstraZeneca вакцинасын алуунун процедурасын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кыргызстанга май айында COVAX программасынын алкагында COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өлкөгө эмдөө үчүн 420 миң шприц келген.

Ишенапысованын айтымында, бүгүнкү күндө аталган вакцина боюнча келишим бүтүрүү баскычында турат.

Ал белгилегендей, мамлекет жоопкерчилик боюнча келишимге кол коюш керек. Башкача айтканда, бул мамлекеттин жана өндүрүүчүнүн жоопкерчилиги жазылган документ.

“Бул тез эле кол коюла турган документ эмес. Премьер-министр бул келишимди изилдеп чыгуу үчүн юристтерден турган ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүүнү тапшырган. Андан кийин ал ведомстволордо макулдашуу процедурасынан өтөт, кийин премьер-министр буйрукка кол коюп, ал COVAX программасына берилет”, - деген ал келишим аягына чыгайын деп калганын кошумчалады.

Ишенапысова белгилегендей, AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозаны камтыган биринчи партиясы май айында келиши керек.

Пикир

Оставить комментарий