• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкерлер Нарын облустук бириктирилген ооруканасына беш кычкылтек концентраторун алып беришти

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Ишкерлер Алтынбек Токторалиев жана Айбек Моңолов бүгүн, 4-июлда Нарын облустук бириктирилген ооруканасына беш кычкылтек концентраторун алып беришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жабдуулар кайсы аймактык ооруканаларда муктаждык көп болсо ошол жерге бөлүштүрүлуп берилмекчи.

"Оор кырдаалда жардамын аябаган жеке ишкерлерге өкмөттүн өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана дарыгерлер терең ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий