• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишмердиги өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ишканаларга колдоо көрсөтөбүз - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы «Интерфрут» ЖЧКсы ишканасынын ишмердиги менен таанышты.

Өкмөт башчыга маалымдашкандай, үстүбүздөгү жылдын июнунда АКШ Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана кыргыз-тажик биргелешкен «Интерфрут» ЖЧК ишканасы жемиштерди кайра иштетүү боюнча жаңы цех ачышкан.

Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2400 тоннаны түзөт. Заманбап кургатуучу жабдуу кардарлардын талаптарына ылайык нымдуулуктун тиешелүү деңгээлин камсыздайт. Ишканада өрүк, алма, шабдаалы, гилас, ит мурун, кара өрүк, кургатылган кара өрүк жана грек жаңгагын кургатуучу, кайра иштетүүчү жана таңгактоочу жаңы жабдыктар иштейт.

Ишкананын жетекчилиги маалымдагандай, жакында эле өндүрүлгөн продукциянын биринчи партиясы Россияга экспортко жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге алар Өкмөткө өндүрүштү кеңейтүүгө аракеттешүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бул демилге рыноктук суроо талапты жана Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан жергиликтүү жемиштердин экспортун өстүрүүнү шарттайт.

Премьер-министр баса белгилегендей, мындай ишканаларды колдоо зарыл. Туруктуу жумуш орундары түзүлүп жатканын эске алганда, демек, жаңы өстүрүлгөн жана кургатылган жер-жемиштери сатылып жаткан дыйкандар пайда көрүшүүдө.

«Биз ишмердиги өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ишканаларга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Өкмөт башчы цехтин өндүрүштүк аймагын көрүп чыкты.

Маалымдама: «Интерфрут» ЖЧКсы USAID долбоорунун Агрардык горизонт төрт жылдык программасынын алкагында ачылган, анын максаты – Кыргыз Республикасынын өндүрүшчүлөрүнүн жана айыл чарба кайра иштетүүчүлөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн жана сатуу көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле бул ишканаларда жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий