• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Италиянын жана Германиянын лидерлери Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Италиянын президенти Серджо Маттарелла Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Серджо Маттарелла Кыргызстандын элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Ошондой эле Германия Федеративдүү Республикасынын Федеративдүү президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Жаңы жылдын келиши Сизге жана Сиздин өлкөңүзгө куттуктоо жолдоо үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Сиздерге тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм», — деп белгиленген президенттин телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий