• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлигинде ведомстволук ротация болду

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Юстиция министрлигинде ведомстволук ротация болду, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, юстиция министринин буйругу менен Нотариат жана апостилдештируу башкармалыгынын начальниги Урмат Акулуев Юридикалык жактарды жана куроолорду катоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Нотариат жана апостилдештируу башкармалыгынын начальниги кызматына мурда Юридикалык жактарды жана куроолорду катоо башкармалыгын жетектеген Эмир Зулпуев дайындалды.

"Кадрдык алмашуулар кызматкерлердин кадрдык дараметин сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумундагы иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий