• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кыргыз темир жолу" ишканасы Ысык-Көлгө пансионат курууга инвестор издейт

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу"№ мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында пансионатты куруу үчүн инвесторлор издейт.

Ишканадан билдиришкендей, пансионат куруунун негизги максаты - туристтик потенциалды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле калкты, анын ичинде ишкананын кызматкерлерин сапаттуу эс алуу кызматтары менен камсыз кылуу саналат.

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгинде жайгашкан курулушу бүтө элек "Кыргыз темир жолу" МИнин "Санаторий-профилакториясынын" аймагынан курулуш үчүн тилке белгиленген. Жалпы аянты - 9,55 гектар, анын ичинен курулушка бөлүнгөн аймак - 6,5 гектар, парк-пляж аянты - 3,05 гектар.

Белгиленгендей, каалоочулар "Кыргыз темир жолу" МИ, Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү №81 , тел: 0 312 92 70 26, почта: info@railway.aknet.kg, же МЖӨ борбору - Бишкек шаары Исанов көч. 87, тел.: 0312 611129; e-mail: center@ppp.gov.kg дарегине кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий