• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда көмүрдүн баасы орто эсеп менен 1,1 пайызга арзандады

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-февралга карата көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо эсеп менен бир тонна үчүн 51,52 сомго же 1,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн - 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500,00 сом) болгону байкалды.

Ал эми көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн - 7 974,66 сом), Баткен (бир тонна үчүн - 7 819,61 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн - 5 899,15 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө карата баалардын бир кыйла өсүшү мурунку айга салыштырмалуу Баткен шаарында - тоннасы 1 156,96 сомго же 17,4 пайызга белгиленди.

Бир эле убакта Исфана шаарында анын баасы - тоннасы 1 145,30 сомго же 27,2 пайызга төмөндөгөн. Негизинен байкоого алынган калктуу конуштарда баалар өткөн айдын деңгээлинде калды.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары

Пикир

Оставить комментарий