• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин борбордук аппаратынын расмий ачылышы болду

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин түзүлгөн күнүнөн биринчи жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага КР юстиция министри М. Жаманкулов, КР президентинин аппаратынын, өкмөттүн аппаратынын, Соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик-жумушчу топтун, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-сентябрында коомдон обочолонтпостон жазаларды аткаруу боюнча ЖАМК функциялары Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилип, министрликтин алдындагы Пробация департаменти түзүлгөн.

Материалдык-техникалык камсыздоонун алкагында анын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл кеңсе эмеректерин жана уюштуруу техникасын жабдуу менен Пробация департаментинин борбордук аппаратынын административдик имаратын оңдоо боюнча иш аяктады. Каржылоо республикалык бюджеттен 9 млн 300 миң сом суммасына толук аткарылган.

Ошону менен бирге, республиканын региондорунда пробация органдарынын сегиз кеңсесинде жалпы суммасы 6 млн 22,2 миң сомго оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Оңдоо иштеринен тышкары пробация департаменти тарабынан штатты комплектөө боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Республика боюнча киргизилген карантиндик чаралардан улам бош орундарды ээлөөгө сынакты өткөрүү убактылуу токтотулган, бирок бүгүнкү күндө кызматкерлердин саны 178 штаттык бирдиктен 131 адамды түзөт.

Кадр иши менен катар, Департамент тарабынан санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. "Пробация" АМТ долбоорун ишке ашыруу боюнча бардык аймактык органдарды бирдиктүү жергиликтүү тармакка кошуу боюнча иш аяктады.

2020-жылы Юстиция министрлиги Кыргызстандын кээ бир райондорунда "Юстиция үйлөрүн" куруу демилгеси менен чыккандыгын белгилей кетүү керек.

Алсак, өкмөттүн 2020-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Пробация департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин, мамлекеттик кепилденген юридикалык жардамдын алкагында мамлекеттик нотариустарды жана адвокаттарды төмөнкү жерлерде жайгаштыруу үчүн имараттарды курууга 10 млн сом бөлүнгөн:

Жалал-Абад облусу-Таш-Көмүр шаары;

Жалал – Абад обласу-Ала-Бука айылы;

Ош облусу - Кара-Суу шаары;

Талас облусу – Покровка айылы (Манас району);

Ысык – Көл облусу - Жети-Өгүз айылы (Жети-Өгүз району);

Нарын облусу - Чаек айылы (Жумгал району).

Иш-чаранын аягында юстиция министри Жаманкулов президенттин аппаратынын, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрүнө, Департаменттин өнүгүшүнө көрсөткөн көмөгү үчүн эл аралык донорлорго ыраазычылык билдирип, ошондой эле пробациянын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий