• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Израилде жашаган кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан жарандарга жер-жерлерде консулдук кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө жалпы жарандык паспортту алмаштыруу үчүн арыздарды кабыл алуу, консулдук каттоого тургузуу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жарандар кабыл алынды, ошондой эле консулдук-укуктук чөйрөдө консультация берилди.

Пикир

Оставить комментарий