• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

16-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 16-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас облусунда +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын облусунда -3…-8 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +8…+10 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий