• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көбү Бишкекте. Акыркы суткада 465 кыргызстандык COVID-19 жуктуруп, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12-январга карата коронавирус 465 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 345, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 97 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 523 бейтап, амбулатордук түрдө 1 514 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 529 киши айыгып чыкса, 2 миң 823 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий