• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көкөмерен суусуна балык уулоого кеткен эки балыкчы бир айдан бери дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Жумгал районунда Көкөмерен суусуна балык уулоого кеткен эки балыкчы бир айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, ал эки балыкчы – 42 жана 43 жаштагы эркек кишилер 5-июнь күнү Өрнөк айылында балык уулоого кетип, ошондон бери дайынсыз болууда.

Учурда дайынсыз жоголгон балыкчыларды издөө иштери уланууда. Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий