• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай төрөлүп, 109 жаран көз жумат

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай жарык дүйнөгө келип, 109 киши каза болот. Электрондук эсептегичтердин маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын калкынын саны 103 миң 210 кишиге көбөйүп, жыл аягына чейин 6 млн. 294 миң 587 кишини түзөт.

Калктын табигый өсүшү оң багытта болуп, 127 миң 976 кишини түзөт. Жыл ичинде болжол менен 167 миң 786 бала төрөлүп, 39 миң 811 киши көз жумат.

Тышкы миграциянын деңгээли былтыркы жылдын ченинде калса, миграция себебинен улам калктын саны 24 766 кишиге өзгөрөт. Башкача айтканда, өлкөдөн чыгып жаткан (эмигрант) кишилердин саны өлкөгө узак мезгилге жашоого келип жаткан (иммигрант) кишилердин санынан басымдуулук кылат.

2018-жылы Кыргызстандын калкынын санынын өзгөрүү кыймылы;

2018-жылга карата эсептелген Кыргызстандын калкынын санынын өзгөрүү коэффициенти;

- Төрөлүү: орточо алганда күнүнө 460 бала (бир саатта 19.15);

- Көз жумуу: орточо алганда күнүнө 109 киши (бир саатта 4.54);

- Калктын миграциялык өсүшү: орточо алганда күнүнө -68 киши (бир саатта -2.83).

Пикир

Оставить комментарий