• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйын башталды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. 26-марттан тарта Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйындын алгачкы этабы башталды.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бир ай бою Кыргызстандын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки чакырылуучулар аскер ишине үйрѳнүшѳт. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилип, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болбогондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укуктары бар.

Пикир

Оставить комментарий