• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркмөнстандын компанияларына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Түркмөнстандын туристтик компанияларына Кыргызстанда саякаттоо үчүн мүмкүнчүлүктөр сунушталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгитлей кетсек, 27-28-мартта Ашхабадда "Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү" аталышындагы эл аралык конференция өтүп, анда кыргыз делегациясы Түркмөнстандын 17 компаниясы менен жолугушууларды өткөрүштү.

Аталган иш-чаранын жыйынтыгында кызматташтык тууралуу сегиз келишимге кол коюлуп, Кыргызстанда маалыматтык тур уюштуруу боюнча пландар белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий