• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 12-марттан тарта милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын 12-мартынан тартып медициналык мекемелерди жана коомдук транспортту эсепке албаганда, милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, анда ЖОЖдордун, кесиптик орто билим берүү мекемелеринин жана башка билим берүү уюмдарынын студенттери жана окутуучу курамы үчүн, соода борборлорунда, ресторандарда, кафелерде, коомдук тамактануу жайларында жана базарларда, музейлерде, спорт клубдарында, китепканаларда милдеттүү түрдө беткап кийүүнү жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

Саламаттык сактоо министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте 2022-жылдын 12-мартынан тартып колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарында (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик), ошондой эле коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү улантуунун маанилүүлүгү айтылды.

Ошондой эле жарандарга COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын түрлөрүнүн алдын алуу максатында эл көп чогулган жерлерде, ири соода борборлорунда, базарларда, массалык иш-чаралар учурунда ыктыярдуу түрдө беткап кийүү режимин сактоо сунушталат.

Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө менен камтууну кеңейтүү боюнча активдүү өнөктүктү улантуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий