• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кезек күткөн мигранттар. Россиядагы элчилик кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын 29-декабрында «РФда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» федералдык мыйзамга жана «РФдагы манжа изин мамлекеттик каттоо жөнүндө» федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» РФнын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ Федералдык мыйзамдары күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2021-жылдын 29-декабрында Россияда жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын медициналык кароодон өтүүсүн, ошондой эле манжа изин каттоону жана сүрөткө тартууну караган жаңы миграциялык эрежелер киргизилгендигине байланыштуу Россиядагы элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

"Тилекке каршы, жыл башынан бери жогорудагы процедуралардан өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Учурда Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бардык милдеттүү жол-жоболор Москвадагы жана Москва облусундагы көп функциялуу миграциялык борборлордо жүргүзүлүп, узун кезек күтүүлөр байкалууда.

Ошол эле учурда, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 26-январындагы расмий билдирүүсүнө ылайык, медициналык кароодон өткөрүү процедурасынан Москва өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 1517- ПП токтому менен аныкталган 17 медициналык мекемесинде да өтүү мүмкүн.

Мындан тышкары, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен белгиленген мөөнөттөр (үч ай) аймактык ички иштер органдарына өткөрүп берүү үчүн документтердин жарактуулугун карай тургандыгын жана ал 3 айда бир жолу медициналык кароодон өтүү зарылдыгын билдирбей тургандыгы белгиленген.

Өз кезегинде элчилик Россияга келген Кыргызстандын жарандарынын абалын кыйындаткан оор кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды, анын ичинде дипломатиялык чараларды көрүүдө.

Тактап айтканда, 2022-жылдын февраль айында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Россия президентинин администрациясында Федерация кеңешинин жана Мамлекеттик Думанын депутаттары, ошондой эле Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуулар болуп өттү.

2021-жылдын декабрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин КРнын РФдагы элчилигинин консулу А. Букалаев Россиянын Ички иштер министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен видеоконференция форматында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын жаңы талаптарын ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлүү маселелер, ошондой эле аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланууда.

2022-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москва шаарындагы чет элдик жарандарды медициналык кароодон өткөрүүгө ыйгарым укуктуу медициналык мекемелердин ишмердигине мониторинг жүргүзгөн.

2022-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин нотасы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлүп, анда процедуралардан өтүү учурунда аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандары туш болгон бардык көйгөйлөр жана кыйынчылыктар камтылган. Россия тарабына бир катар сунуштар берилген.

2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Россия Федерациясынын Ички иштер министри В.Колокольцевге жол-жоболордон өтүүгө байланыштуу оор кырдаалга, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүнө тоскоолдук кылган көйгөйлүү маселелерге көңүл буруусу тууралуу кайрылуусу жолдонгон.

2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери процедуралардан өткөрүү тартиби менен таанышуу максатында Москва областынын Сахарово айылындагы көп функционалдуу миграциялык борборго барып келген.

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин медициналык текшерүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу боюнча Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу мекемелеринде, анын ичинде "Сахарово" миграциялык борборунда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү камтылган кезектеги нотасы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине жиберилген.

Элчилик россия тарабы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында болуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүүгө үмүттөнөт".

Пикир

Оставить комментарий