• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан кендерди биргелешип иштетүүдө Малайзиядан инвестиция тартууга кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында малайзиялык Public Gold компаниясына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Public Gold — Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды сатат жана чыгарат.

Кулубаев менен аталган компаниянын өкүлдөрү жолугушуу учурунда Кыргызстанда алтын буюмдарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кыргыз компаниялары менен кызматташууну түзүү маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Public Gold компаниясынын бул багыттагы чоң потенциалын белгилеп, Кыргызстан кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий