• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Бишкектин Свердлов акимиаты мыкты видео роликке сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов акимиаты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө мыкты видео роликке онлайн сынак жарыялайт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк аылайык, сынактын катышуучулары Facebook баракчасына жазылышы керек: https; // www.facebook.com/SRABishkek/

"Сынакка каалаган адам катыша алат. Видеолор WhatsApp: 0700600634 жеке билдирүүлөрүнө тиркеме катары кабыл алынып, Свердлов райондук администрациясынын Facebook`тагы баракчасына жарыяланат",- деп айтылат билдирүүдө.

Райондук онлайн сынак 2021-жылдын 12-июлунан баштап 16-июль саат 15:00гө чейин уланат. Жеңүүчүлөр добуштарды (лайктарды) эсептөө менен аныкталат. Жеңүүчү эң көп жактыруунун негизинде тандалат.

Сынактын демөөрчүсү - Жасмин кафеси. Сынактын жеңүүчүлөрү үчүн байге фонду каралган.
1-орун - бир үй-бүлөгө (5 адам) түшкү даамдуу барбекю менен түшкү тамак.
2-орун - «Дельта» спорт залына бир айлык абонемент.
3-орун - 1000 сомдук бирдик.

Пикир

Оставить комментарий