• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба тармагын активдештирүү үчүн санариптештирүүнүн 4 багыты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги «Агросмарт» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте айыл чарба тармагын активдештирүү максатында санариптештирүүнүн 4 багытын аныктады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү багыттар аныкталды:

1) Башкарууну автоматташтыруу.

Министрликте мурда 888 кызматкер иштесе, бүгүнкү күндө министрликтин алдындагы мамлекеттик агенттиктер жана инспекциялар менен жалпысынан 11500 кызматкер иш алып барат. Ошондой эле, өлкөдө 453 миңге жакын дыйкан бар. Демек, бул тармакты натыйжалуу башкаруу үчүн CRM жана ERP тутумдарын иштеп чыгуу керек. Талдоо, натыйжалуу жумуш убактысын контролдоо, ыкчам байланыш тутумдары үчүн бирдиктүү маалымат базасы түзүү зарыл.

2) Бирдиктүү терезе.

Бүгүнкү күнгө чейин товарларды экспорттоону уюштурууда дыйкандар үчүн бюрократия өтө чоң тоскоолдук кылат. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бирдиктүү терезе принциби боюнча онлайн платформасын түзүүнү пландап жатабыз. Анда айыл чарбасына тиешелүү документтерди алуу үчүн бардык процедураларды көрсөтүлгөн жана дыйкандарды тейлөө борборлору иштеп, алар айыл чарба жаатында оффлайн режиминде консультация беришет.

Телеграмма ботун модернизациялоо - бул дыйкандар үчүн бардык санариптик ресурстарга жана маалыматтарга жетүү үчүн бирдиктүү аянтча.

3) Айыл чарба ресурстарын спутниктен анализдөө.

Бир нече жылдар бою дыйкандардын жер тилкелеринин карталарын менен спутниктик сүрөттөрүн бир серверге топтоп, республика боюнча атайын карта түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

4) "Заманбап дыйкан" акысыз мобилдик тиркемеси.

Дыйкандын телефонуна айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүү жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп турат. Аны менен катар өсүмдүктөрдүн ооруларын аныктоо жана коргоочу каражаттарды, жер семирткичтерди колдонуу, аянтын эсептөө, жер семирткичтерди чачуу коэффициенттери жана башка көптөгөн маселелер боюнча сунуштар берилет. Ошондой эле, дыйкандарга фьючерстик келишим түзүп, кошумча каражат ала алышат. Ошентип, жеке дыйкандардын кызматташуу маселеси чечилет. Фермер кепилденген сатууну жана каржылоону алат. Санариптештирүү айыл чарба технологияларын өркүндөтүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий