• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек — Ош трассасында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. ӨКМ айдоочуларга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Бүгүн-эртең күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар жана трассалар:

  • Төө-Ашуу ашуусу, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы;
  • Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, унаа жолдун 98-255-чакырымы;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымы;
  • Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдары.

Ведомстводон жолдор тайгак болуп, муз тоңоорун эскертишти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Алыскы жолго аттансаңыз, жол коопсуздук эрежелерин так сактоону, күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз.

Кырсык катталса же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 ыкчам байланыш номерине чалыңыз.

Пикир

Оставить комментарий