• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 5 күн ичинде 34 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 5 күн ичинде 34 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 570 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу – 34;

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 8;

- Документтери жок унаа башкаруу – 45,

- Башка бузуулар – 2 миң 483.

Жалпысынан 417 автоунаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий