• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнөн баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн героин жана апийим табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 1984-жылы туулган К.У. аттуу жарандын үйүнүн короосунан кызматтык иттин жардамы менен жашыл түстөгү курулуш мээлейи табылып, анын ичинде боз түстөгү өзгөчө жыты бар зат, салмагы 40 грамм героин, апийим 90 грамм табылган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү К.У. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий