• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандан Сирияга кетүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 41 жаштагы М.И.М. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган жаран Россиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон. Такталгандай, М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келген.

"Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин Сириядагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаган", - деп белгилешти УКМКдан.

Учурда УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий