• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди

Өкмөт 0

Бишке, 11.03.23. /Кабар/. Өзбекстанда жумуш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун Мавзолейине барды.

Акылбек Жапаров жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун “Хазрати Хизр” комплексинде жайгашкан эстелигине гүлчамбар коюшту.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы “Silk Road Samarkand” туристтик борборунун иши менен таанышты, анда мейманканалардан тышкары, конгресс-холл жана сейил бак, “Түбөлүк шаар” маданий борбору жайгашкан.

Маалымат үчүн: “Түбөлүк шаар” – бул чыныгы байыркы шаарды кайра жараткан этно-маданий борбор, мында келген ар бир адам Өзбекстан Республикасынын жерлеринин жана элдеринин тарыхы жана каада-салттары менен тааныша алат. Анын жалпы аянты 17 га. Борбордун тар көчөлөрүндө сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн, усталардын дүкөндөрү жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий