• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамытканов КМШ Байкоочулар миссиясынын башчысы Василий Волков менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын башчысы, Россия Эркин шайлоолор фондунун кеңешинин төрагасы Василий Волков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, КМШ миссиясы салтка айлангандай, эл аралык байкоочулар арасында көбүрөөк көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду мониторингдөөгө активдүү катышып келет.

«Республиканын дээрлик бардык облустарындагы Миссия мүчөлөрүнүн иши кыргыз тараптын эл аралык байкоочулар үчүн ачыктыгын жана биздин ачык-айкын жана демократиялык шайлоолорду камсыздоого карай умтулуубузду дагы бир жолу далилдейт», - деди Максат Мамытканов.
Вице-премьер-министр эскерткендей, 2020-жылдын октябрь окуялары Кыргыз Республикасы элдин эркин ачык билдирүүсү маанилүү саналган демократиялык республика экендигин көрсөттү.

«2020-жылдын ноябрь айында саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун жана шайлоо салымын төмөндөтүү аркылуу жарандардын кызыкчылыгын көрсөткөн саясий күчтөрдүн парламенттеги өкүлчүлүгүн кеңейтүү иретинде укуктук шарттарды түзүү максатында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген», - деп түшүндүрдү Максат Мамытканов.
Вице-премьер-министр белгилегендей, шайлоо процессин демократиялык принциптердин негизинде улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге жараша өткөрүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат.

Өз кезегинде Василий Волков маалымдагандай, алдыдагы шайлоодо КМШ байкоочуларынын жалпы саны 138 адамды түзөт.

«Биздин Миссиябызда чоң тажрыйба бар, биз Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду мониторингдөөгө 14-жолу катышуудабыз. Шайлоо процессин, тактап айтканда, шайлоо тутумун өркүндөтүүнү белгилеп кетким келет. Анын техникалык тарабы бир катар өлкөлөрдөн алга кеткен, бизде салыштырууга мүмукүнчүлүк бар. Силер тараптан биз аркылуу мурда киргизилген сунуштардын эске алынганы кубандырат. Биздин жалпы милдетибиз бар, ал – шайлоонун жогорку деңгээлде өтүшү», - деп белгиледи Василий Волков.

Вице-премьер-министр шайлоолордун ачык-айкындыгына жана аныктыгына жетишүү үчүн шайлоо процессине санариптик технологиялар киргизилгендигине басым жасады.

«Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоого катышуу биометрикалык каттоонун негизинде ишке ашырылат. Өзгөчө көңүл шайлоодо колдонулуучу шайлоочуну идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептөөгө бурулууда. Чет мамлекеттерде 48 шайлоо участогу уюшулган, ал эми өлкөдөн тыш шайлоочулардын саны 49 миң жарандан ашуун саналат. Өткөн жылкы парламенттик шайлоого салыштырмалуу бул 17 миңге көп», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий