• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күлүйпа Кондучаловага арналган мемориалдык такта орнотулду

Коом 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучаловага арналган мемориалдык такта орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалова бул үйдө 1961- 2013-жылдары жашаган.

Ачылыш салтанатта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, белгилүү мамлекеттик ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Апаз Жумагулов, КР эл артисти Рейна Чокоевалар сөз сүйлөштү.

Анда Күлүйпа Кондучалованын маданият тармагына кошкон салымы жана адамдык сапаттарына кеңири токтолушту.

Күлүйпа Кондучалова 1920 - жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында төрөлгөн.

Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1938), Москвадагы жогорку партиялык мектепти (1945) бүтүргөн. 1938–1940-ж. Тянь-Шань (азыркы Нарын) областындагы Нарын районунун Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940–1943-ж. Кыргызстан ЛКЖС Тянь-Шань обкомунун секретары, Эл депутаттарынын Тянь-Шань облустук кеңешинин аткаруу комитетинде төраганын орун басары, Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунда лектор, Кыргызстан КП БКда лектор, 1945–1948-ж. Кыргызстан КП Фрунзе обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, «Коммунист» журналынын редактору, Кыргызстан КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1948–1949-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары, 1947–1949-ж. партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө секретарь, 1949–1952-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагасынын орун басары, 1952–1953-ж. Кыргызстан КП БКнын секретары жана аялдар арасында иштөө боюнча бөлүм башчы, 1953–1958-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958–1963-ж. Кыргыз ССР маданият жана тышкы иштер министри, 1963–1980-ж. Кыргыз ССР маданият министри, 1980–2003-ж. КРнын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы. СССР Жогорку Советинде Улуттар Советинин төрагасынын орун басары (1958–1962), СССР Жогорку Советинин (1954–1962) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1975) депутаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий