• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кабар” агенттиги ДКОну өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Президенттин ыраазычылык катын алды

Маданият 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кошкон салымы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ыраазычылык кат алды.

Расмий катты “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиевге II ДКОну даярдоого жана өткөрүүгө катышкан кыргызстандыктарды салтанаттуу сыйлоо аземинде КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков тапшырды.

Эскерте кетсек, бүгүн 200дөй адам сыйланууда, анын ичинен 28и Өкмөттүн ардак грамотасы, төртөөсү Президенттин аты жазылган саат менен сыйланышты, андан тышкары бардык өнөктөштөргө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык каттар берилди.

2-ДКО 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өткөн. Иш-чаранын программасына спорттун 26 улуттук түрлөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий