• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар" агенттиги россиялык "Российская газета" менен кызматташат. Келишимге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги россиялык "Российская газета" басылмасы менен кызматташат.

Келишимге кол коюу аземи бүгүн, 23-мартта "Кабар" агенттигинин жыйындар залында болуп өттү. Россиялык гезит менен ошондой эле Чүй облустук медиа борбору ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

"Российская газетанын" башкы директорунун орун басары Андрей Першиндин айтымында, Кыргызстан аталган гезиттин "Өнөктөштүк контент" долбооруна кошулган алгачкы чет элдик өлкө.

"Биздин "Өнөктөштүк контент" долбооруна Россиянын 574 аймактык басылмасы катышат. Бир дагы гезит мындай долбоорду ишке ашырбайт. "Российская газета" – бул холдинг. Ага 105 миңдей нускада чыга турган күндүк гезит кирет. Ошондой эле айына 3 млн нускада чыга турган гезит жана 20 миң нускада чыга турган "Родина" журналы кирет. Мындан сырткары, сайтыбыз бар, ага күнүнө 1 млн адам кирет", - дейт ал.

Першин "Российская газетанын" кызыктуу материалдары тандалып алынып, өнөктөштөр болгон басылмаларга жиберилерин айтат.

"Биз менен кызматташууга кол койгон басылмалар "Российская газетанын" материалдарын толук же кыскартылган түрдө жарыялоого толук укуктуу. Бир гана талап, шилтеме берүү менен чыгарышы керек. Өнөктөштөрүбүз биздеги маалымат жыйындарына келген өкмөт башчы, министрлер, мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлерге суроо бере алат жана алардын жоопторун текст түрүндө ала алат. Андан сырткары, өнөктөштөр "Российская газетага" кызыктуу материалдарды жибере алат. Журналисттер арасында тажрыйба алмашуу да болуп турат", - деп айтат Першин.

"Кабар" маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиевдин пикиринде, "Российская газетага" Россиядагы алдыңкы гезиттердин бири.

"Аталган гезит чоң аудиторияга ээ. Сайтына күнүнө 1 млн адам кирет экен. Бул көрсөткүчкө көптөгөн ЖМКлардын күчү жете бербейт. Бүгүнкү иш-чара "Кабар" менен "Российская газетанын" медиа жаатындагы окшоштугунун жана мамилелерибиздин келечеги абдан жакшы экендигинин көрсөткүчү. Биз өз кезегинде тыгыз кызматташууга даярбыз", - деди Кубанычбек Таабалдиев.

Чүй облустук медиа борборунун жетекчиси Калыбек Тайтекеев Чүй облустук телеканалы "Чүй баяны" гезити менен биригип россиялык "Российская газета" менен кызматташа турганын айтат.

"Бул бизге аябай жакшы келечек берет. Мындан ары кызматташуубуз улана берет деп терең ишенебиз", - деп билдирди Тайтекеев.

Белгилей кетсек, "Российская газетасы" Россия Федерациясынын өкмөтүнүн расмий маалыматтарын жарыялоочу жалпыга маалымдоо каражаты.

Пикир

Оставить комментарий