• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Шектүүлөр изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнөн бүгүн эртең менен денесинде жараты бар белгисиз жарандын сөөгү табылган. Жергиликтүү тургундар бүгүн саат 08:00дө шаардык милицияга окуя тууралуу кабарлашкан.

«Жаранды кароо учурунда анын денесинин ич бөлүгүндө бир нече учту нерсенин кирген белгилери бар экендиги аныкталды. Бул факт «адам өлтүрүү» белгилери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, шектүү изделүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Маркумдун болжол менен 30-35 жашта, азиат улутунда. Үстүндө күрөӊ түстөгү свитер, көк түстөгү спорттук шым болгон. Кыска сакалчан», - деп кошумчалашты шаардык милициянын басма сөз кызматынан.

Ошондой эле милициядан окуя боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий