• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксы районундагы эки айылдын туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңеет

Аймак 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңеет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн бул багытта облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин KF SilkRoad долбоорунун жетекчиси Чу Санг Хун менен жолугушту.

Анда аталган айылдардын туристик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында сүйлөшүү жүрдү. Долбоордун уюштуруучулары тарабынан өткөн жылы облус аймагындагы туристик мүмкүнчүлүгү бар жайлар көрүлүп чыкканы айтылды. Анын жыйынтыгында Аксы районундагы Нарын дарыясы аркылуу суу үстүнөн өтүүчү Кызыл-Бейит жана Кышка-Суу айылдары тандалып алынган.

Жолугушууда тараптар ортосундагы кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Өкүл облустун туризм тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Алдыда айылдарга баруучу жол белгилерин орнотуу, турак жайларда туристик шарттарды жакшыртуу аракети көрүлөт. Ал долбоор тарабынан каржыланып, жергиликтүү жашоочулардын киреше бөлүгүн арттыруу максаты да көздөгөн.

Пикир

Оставить комментарий