• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кабылбек Укулов “Алай” футболдук клубуна директор болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадионго жана “Алай” футболдук клубуна директор болуп Кабылбек Укулов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. Жаңы жетекчи 19-январда жамаатка тааныштырылды.

Кабылбек Укулов ушул убакытка чейин Ош шаарынын мэриясынын ички аудитору болуп иштеп келген. Эмгек жолунда бир катар муниципалдык ишканаларда орун басарлыкты аркалап жана каржы тармагында эмгектенген. Ошондой эле ал футбол ардагери.

Пикир

Оставить комментарий