• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда катталган катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамдай районунда катталган катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, шамал кечээ болжол менен саат 19:45те катталган, учурда шамалдн ылдамдыгы такталууда.

"Катуу катталган шамал Кадамжай шаарынын Северный көчөсүндө жайгашкан №25 көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Жерине куткаруучулар тартылып, чатырдын калдыктарын коопсуз жайга жылдырып беришти", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кошумчалашкандай, бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий