• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат.

Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянтында “Гүл фестивалы” жарманкеси, “Боорсок фестивалы” , “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу архитекторлордун курулуш көргөзмөсү жана “Күз берекеси” айыл-чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулган.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардагы дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, шаардын тургундары жана меймандары күбө болушту.

Ошондой эле, КРнын “Салбуурун” федерациясынын спортчулары улуттук-элдик оюндардын түрлөрүн көрсөтүштү. Мындан сырткары, борбордук аянтта шаардын маданият башкармалыгынын, жогорку окуу жайлардын, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун, Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жана шаардагы улуттук диаспоралардын чыгармачыл топтору концерттик программа тартуулашууда.

Шаар күнүнө карата Т. Кулатов кичи шаарчасына “Ак Ниет” сейил багы курулуп, пайдаланууга берилет, - деп кабарлашты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, майрамдын экинчи бөлүгү кечинде А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо гала концерт менен коштолот. Ага Кыргызстандын, Өзбекистандын белгилүү эстрада жылдыздары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат.

Пикир

Оставить комментарий