• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Ак-Булак айылындагы мектептин ачылышына катышты

Аймак 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы С.Токторов атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Премьер-министр окуучуларды жана алардын ата-энелерин бул маанилүү окуя менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады.

«Биз ишибизде билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүнө артыкчылыктуу маани беребиз. Бюджеттин көп бөлүгү социалдык тармакка жумшалат. Алсак, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоону каржылоонун көлөмү 50% түзөт. Биздин башкы байлыгыбыз – адам. Адамдын саламаттыгын сактоо, ага билим берүү, тарбиялоо, калыптандыруу, өстүрүп-өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыгы. Учурда биздин алдыбызда келечекте балдарыбыз жогорку класстагы, үй-бүлөсүнө жана мамлекетине пайда алып келе турган адистерден болушу үчүн билим берүүнүн сапатын жакшыртуу милдети турат. Билим гана инсан катары өстүрүп жана өнүктүрүп, жакырчылыкты азайтат. Айыл мектептеринин окуучулары олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнөн болушуна жетишүүгө тийишпиз. Мында мугалимдердин ролу зор. Балдарга дем берип, өнүктүргүлө, окутууга заманбап ыкмаларды жана инновацияларды киргизгиле. Бул үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, эгерде 2012-жылы билим берүүгө 21 млрд сом бөлүнгөн болсо, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 млрд сомго чейин көтөрүлгөн.

«Бул абдан жакшы көрсөткүч. 320 орунга эсептелген мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Куруучулар жаркыраган жана ыңгайлуу имарат курушуптур. Мында билим алуу да жагымдуу болот. Мындан тышкары республиканын бардык аймактарында жаңы мектептердин курулушу жүрүп жатат. Быйылкы жылы эле 111 мектепте курулуш иштери жүргүзүлүүдө», – деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Өкмөт башчы окуу жайга компьютердик жабдууларды тапшырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Сапардын жүрүшүндө Преьмер-министр «Котормо-Ак-Булак-Кыргыз-Ата» унаа жолунун курулушу менен таанышты. Анын сметалык баасы 20 млн сом.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, 2023-жылы республиканын айылдарында жолдорду асфальттоо жана инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча иштер жүрөт.

Андан соң Премьер-министр Ак-Булак айылынын жана тегеректеги калктуу жерлердин жашоочулары менен жолугушуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошондой эле Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.

Өкмөт башчы бардык курулуш иштерин сапаттуу аткарууну камсыздап, курулушка жана жасалгалоочу иштерге атамекендик курулуш материалдарын пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий